Документтерди кызматтык милдеттемелерин аткарып жаткан милиция кызматкерлери гана текшерүүгө укуктуу. Алар милициянын формасында жана жанында атайын төш белгиси болушу керек (жетон) – анын номерин эстеп же жазып алыңыз. Милиция кызматкери сизге кайрылууда өзүнүн наамын, кызматын, фамилиясын айтып, сиздин өтүнүчүңүз боюнча күбөлүгүн көрсөтүп, документтерди текшерүүнүн себебин жана максатын түшүндүрүшү керек.
Көчөдө турган үч же андан көп адамдан турган топтор милицияда суроо жаратаарын эске алуу керек. Милиция кызматкери сизди эч нерсеге айыптабаганын жана анын документтерди көрсөтүү өтүнүчү сизди кемсинтпешин түшүнүү керек.
Ар дайым жаныңызда төмөнкүлөрдү алып жүрүшүңүз керек:
• алдын ала салык төлөмдөрү тууралуу чектер менен жумуш патенти;
• ыктыярдуу (ЫМК) же милдеттүү (ММК) медициналык камсыздандыруунун жарактуу полиси.
Бул документтердин бардыгынын көчүрмөсүн сөзсүз жасап, аларды түп нускасынан бөлөк жерде сактоону унутпаңыз – эгерде документтерди жоготуп алсаңыз, аларды калыбына келтирүү сизге оңой болот.
Милиция кызматкери документтериңиз анык экенинен күмөн санашы мүмкүн. Бул учурда ал жакынкы полиция пунктуна каттоо боюнча дайындар базасына документтерди текшерүү үчүн аны менен кошо баруусун суранат. Эгер ошондой болсо, туугандарыңызга же досторуңузга чалып, кайда экениңизди жана ким менен сүйлөшүп жатканыңызды билдириңиз.
Эсиңизде болсун!Пара берүү кылмыш болуп эсептелет (милиция үчүн гана эмес пара берген адам үчүн да)! Пара болуп акча гана эмес, товар жана кызматтар да эсептелет (мисалы, акысыз же арзандатылган баада көрсөтүлгөн оңдоп-түзөө жана курулуш иштери).
Камакка алынган учурда
Кармалган адам телефон аркылуу сүйлөшүүгө укуктуу.
Кармоо жөнүндө протокол түзүлүп, анда милиция кызматкери мындай деп жазат:
• протокол түзүлгөн күнү, убактысы жана жери;
• протоколду түзгөн милиция кызматкеринин баш тамгалары, кызмат орду, фамилиясы;
• кармалган адам жөнүндө маалыматтар, күнү, убактысы, жери, кармоонун негиздери жана жүйөсү.
Кармалгандыгы тууралуу протоколго аны түзгөн милиция кызматкеринин колу коюлат. Андан соң эгер бузуулар аныкталса, милиция кызматкери административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүшү керек.
Протоколдун мазмуну менен макул болбосоңуз, төмөнкүнү жазыңыз: “Мен протоколго макул эмесмин” деп жазыңыз жана себебин көрсөтүңүз. Мисалы: "анткени протоколдо көрсөтүлгөн аракеттерди жасаган эмесмин". Эгерде орус тилин жакшы түшүнбөсөңүз жана сиздин өтүнүчүңүз боюнча сизге котормочу берилбесе, муну протоколго жазсаңыз болот, мисалы: “Мен протоколдун орусча текстин түшүнбөйм”. Сиз муну өз эне тилиңизде да жазсаңыз болот.
Эгерде протоколго кол коюудан баш тартсаңыз, милиция кызматкери бул жөнүндө протоколго жазууга милдеттүү.
Кармоо тууралуу протоколдун көчүрмөсүн сөзсүз түрдө сураңыз – милиция муну сиздин өтүнүчүңүз боюнча жасашы керек.
Камакка алуу протоколу сиз жазапул төлөшүңүз керек дегенди билдирбейт. Жазапул соттун же райондук денгээлде Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органынын жетекчисинин чечими менен гана дайындалышы мүмкүн. Ишти кароого жеке катышууңуз жана чечимди өзүңүз түшүнгөн тилде колуңузга алууңуз керек.
Соттун чечими чыкканга чейин жаран 48 сааттан ашык кармалбайт. Кармалган адам жактоочуну, ошондой эле орус тилин жакшы билбесе, котормочуну да талап кыла алат.
Милиция кызматкерлери жазапул же башка төлөм төлөө үчүн күрөөгө документтерди алууга укугу жок – бул мыйзамсыз!
Эгерде мыйзамсыз кармалган болсоңуз, камак жайларында адам укуктарынын сакталышына коомдук көзөмөлдү ишке ашыруу жана камак жайларында адамдарга жардам берүү үчүн Оренбург областынын Коомдук байкоочу комиссиясына (КБК) кайрылыңыз. КБКнын мүчөлөрү чет өлкөлүк жарандарды кармоо шарттарын текшерүүгө укуктуу, ошондой эле сизге акысыз юридикалык жардам көрсөтө алышат. КБКнын дареги: Оренбург шаары, Краснознаменная көчөсү, 5-үй.
Эгерде сиз Чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоо борборлоруна (ЧӨУКБ) жайгаштырылсаңыз, документтериңизди тез арада калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө аракет кылыңыз. Чет өлкөлүктүн өздүгүн жана жарандыгын аныктоо мүмкүн болбогон учурда ЧӨУКБда болуу 2 жылга чейин созулушу мүмкүн. Бекер юридикалык жардам алуу үчүн өлкөңүздүн консулдугуна же КБКга кайрылыңыз.
Рейддер
Документтериңизди атайын рейддер учурунда текшере алышат. Милиция кызматкерлери паспортту, миграциялык картаны, миграцияга каттоого туруу (каттоо) жөнүндө билдирмени, медициналык полисти текшерет. Ошондой эле иш жүзүндө иштеген жери жана кызмат орду документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келеби же жокпу текшерет.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматкерлер тарабынан акт түзүлөт, ал эми бузуулар табылган учурда администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлөт же администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголот. Актынын же протоколдун бир нускасы шектүү адамга берилүүгө тийиш.
Миграция чөйрөсүндөгү административдик укук бузуу жөнүндө протокол милиция кызматкерлери тарабынан гана түзүлө алат.
Протокол түзүү жазапул төлөөгө милдеттүү дегенди билдирбейт. Сизге административдик укук бузуу жөнүндө токтом бериши керек, аны 10 күндүн ичинде сотко даттана аласыз.
Эгерде милиция кызматкерлери сиздин укугуңуздарды бузуп, арыздарды кабыл алуудан баш тартса, өз милдеттерин аткарбаса, пара талап кылса же зомбулук көрсөтсө, Орусиянын Оренбург облусу боюнча Ички иштер министрлигинин башкармалыгына, Орусия Федерациясынын Оренбург областынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу прокуратурага жардам сурап кайрылсаңыз болот.
Орусияда жүрүм-турум эрежелери
Эгерде кылмыштын күбөсү же курмандыгы болсоңуз, милицияга кайрылыңыз:
02 – шардык телефондон
«102» же «112» – уюлдук телефондон.
Орусия Федерациясында жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран келген өлкөнүн мыйзамдарын, үрп-адаттарын жана салттарын сактоого жана урматтоого милдеттүү! Алар менен Орусияга кире электе эле таанышуу зарыл.
Милиция кызматкерлеринин тапшырмасы – мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо, алардын улуттук, этностук, диний жана башка көз караштарына карабастан жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо.
Бардык адамдар үчүн эң негизги эреже – бул бири-бирин урматтоо.
Бардык адамдар этникалык айырмачылыктарга: улутуна, тилине, сырткы келбетине, улуттук адаттарына жана жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрүнө карабастан жүрүм-турумдун жалпы эрежелерин сакташат. Биздин өлкөдө улуттук жана диний негизде кимдир-бирөөнү таарынтууга, кемсинтүүгө болбойт. Бул адамдардын баарлашуусунун эң маанилүү эрежелеринин бири.
Оренбург облусунун коноктору жергиликтүү калктын жашоо образын сыйлоого, сабырдуу болууга, орой сөз айтпоого, жергиликтүү маданиятка текебердүү жана тоотпогондук кылбоого, кабыл алуучу өлкөнүн жетекчилерин кемсинткен билдирүүлөргө жол бербөө керек.
Көчөдө жүрүм-турумдун негизги эрежеси –башкаларга ыңгайсыздык жана кыйынчылык жаратпоо.
Ийгиликтүү байланышуу үчүн сиз коомдогу жүрүм-турумдун төмөнкү эрежелерин билишиңиз керек:
1. Бейтааныш адам менен сүйлөшкөндө ага “сиз” деп сылык кайрылуу ылайыктуу.
2. "Байке-ини" (“брат”) же "карындаш-эже" (“сестра”) деп кайрылуу сиздин тууганыңыз же жакын досуңуз болбогон адамдар менен баарлашууга ылайыктуу эмес.
3. Эгер адамга кайрылуу керек болсо, сөзсүз түрдө “саламатсызбы” жана “кош болуңуз” деген сөз айкаштарын колдонуңуз. Эгерде сизге ушундай мамиле жасалса, анда сиз буга сөзсүз жооп беришиңиз керек, антпесе бул оройлук жана сыйлабастык катары кабыл алынып, чыр-чатакка алып келиши мүмкүн.
4. Эгер чоочун адамдан бир нерсе сурагыңыз келсе, учурашуунун ордуна, анын тынчын алганыңыз үчүн кечирим сурасаңыз болот. Мисалы: «Кечиресиз, мага жардам бере аласызбы?», «Кечиресиз, кайда дарыканабар?», «Кечиресиз, саат канча болду?»
5. Сизге жардам бергенден кийин: «Рахмат» же «Сизге ыраазычылык!» деп ыраазычылык билдирүү туура болот
6. Эгерде сизге жардам же маалымат керек болсо, коомдук жайда каалаган бейтааныш адамга кайрылсаңыз болот - сизге сөзсүз жардам беришет. Бирок адамдын колу бош эмес экенин көрсөңүз (бала менен бара жатса, телефондо сүйлөшүп, китеп окуп жатса) ага тоскоолдук жаратпоо үчүн башка адам жок болсо гана кайрылганыңыз оң.
Тартипти сактоонун маанилүү элементи – тынчтыкты сактоо! Россияда тынчтыкты сактоо (ызы-чуу чыгарбоо) боюнча мыйзам аркылуу белгиленген сааттар бар жана бул эрежелерди бузгандар үчүн жаза колдонулат.
Коомдук транспортто жүрүм-турумдун негиздери
Коомдук транспортто катуу тыюу салынат:
1. Бири-бири менен үндү бийик көтөрүп сүйлөшүү, телефондун үнүн чоңойтуп же видеобайланыш менен сүйлөшүү.
2. Айдоочуну унаа башкаруудан жана жолдон алаксытып, сүйлөшүүгө болбойт.
3. Музыканы кулакчын колдонбой угуу.
4. Таштанды таштап, коомдук унааны булгоо
5. Кир кийим менен жүрүү.
6. Тамак жеп, алкоголдук ичимдиктерди ичүү.
7. Чылым чегүү.
Россияда коомдук жайларда тамеки тартууга жана спирт ичимдиктерин ичүүгө жалпысынан тыюу салынган. Тамеки тартуу үчүн атайын бөлүнгөн жайлар бар, анда башка адамдарга тоскоолдук кылбастан чылым чегүүгө болот (тамеки чегүүчү бөлмөлөр). Алкоголдук ичимдиктерди ичүү үчүн дагы атайын жайлар бар – кафелер, барлар, ресторандар. Эгерде буларды коомдук жайларда кылсаңыз, коомдук тартипти бузганыңыз үчүн сизге айып пул салынышы мүмкүн. Айып пулдун өлчөмү 500дөн 3000 рублга чейин.
Россиянын бардык шаарларында «Коопсуз шаар» системасы иштейт. Ал ар бир шаар тургунунун коопсуздугун сактоо үчүн коомдук жайларда жана турак жайлардын короолорунда дайыма көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылат. Демек, милиция кызматкерлери үчүн кылмышкерди тез табуу кыйынчылык жаратпайт.
Тескерисинче, коомдук транспортто эмне кылуу керек:
1. Сумкаларды жана рюкзактарды чечип, транспортто башкаларга тоскоолдук жаратпагандай кармаңыз.
2. Улууларга, карыларга, жаш балдарга, кош бойлууларга орун бошотуңуз. Эгерде транспортто отурууга бош орундар болсо, анда жогоруда аталган жүргүнчүлөр биринчи, андан кийин аялдар, андан кийин гана эркектер отурушат.
3. Коомдук транспорт токтогондо андан алгач жүргүнчүлөр түшүп, андан кийин жаңы жүргүнчүлөр киришет. Бул эшиктери бар бардык жерлерге да тиешелүү: башкалар кириши үчүн адамдар биринчи чыгышы керек;
4. Эгерде сиз кийинки аялдамадан түшүш керек экенин түшүнсөңүз, башкаларды түртпөш үчүн алдын ала унаанын чыга турган эшигине барыңыз. Ошондой эле жүргүнчүлөрдөн кийинки аялдамадан түшөбү же жокпу сурасаңыз болот.
5. Кулап кетпөө үчүн сөзсүз кармоочторду кармаңыз.
Жүргүнчүлөр жол акысын төлөөгө, башкача айтканда, билет сатып алууга милдеттүү. Билеттер кондуктор (коомдук транспорттун ичиндеги атайын адам) же айдоочу тарабынан сатылат. Чоң шаарларда жүргүнчүлөр жол кирени банк терминалы аркылуу төлөй алышат. Эгерде жол акысын төлөбөсөңүз айып пул төлөөгө туура келет. Айып пул дайыма билет сатып алгандан кымбатыраак.
Көчөдө өзүн алып жүрүү тартибинин негиздери
Көчөдө/сейил бакта эмне кылбоо керек:
1. Жолдо (унаа айдаган жерде) басуу – бул кооптуу.
2. Катуу сүйлөө, кыйкыруу, кол булгалоо, сөгүнүү (кайсы тилде болбосун).
3. Телефондун үнүн чоңойтуп же видеобайланыш менен сүйлөшүү.
4. Кулакчын колдонбостон музыканын үнүн / видеолордун үнүн катуу кылып угуу, көрүү.
5. Көчөгө кийинбей же толук кийинбек (бир гана шым (чолок шым) жана бут кийим) кийип чыгуу.
7. Башкаларды түртүү менен көп топтолгон элди аралап өтүү, эл көп жүргөн көчө менен чуркоо (аларды айланып өткөн жакшы).
8. Балдар аянтчаларында жана подъезддердин жанында шаардын мүлкүнө зыян келтирүү, сейил бактарды бузуу, үйлөрдүн дубалына жазуу жана сүрөт тартуу, унаалардын терезелерин сындыруу, көчөдөгү гүлзарлардагы өсүмдүктөрдү үзүү ж.б.
10. Чоң топ болуп, дүкөндүн, кафенин, турак жайдын ж.б. кире беришинде же чыга беришинде туруу (отуруу), ошондой эле өтүп бара жаткандарга агрессия көрсөтүү.
11. Өтүп бараткандарды өз эне тилинде талкуулоо, башка адамдардын көзүнчө өз эне тилиңде шыбырашуу, ошондой эле аларды колуң менен жандап көрсөтүү. Бул түшүнбөстүк жаратып, конфликтке алып келиши мүмкүн.
12. Ар бир өлкөнүн өзүнүн маданий каада-салттары, үрп-адаттары жана коомдогу жүрүм-турум эрежелери бар, сиз үчүн кадимкидей көрүнгөн кээ бир нерселер россиялыктар үчүн өөн учурайт жана тескерисинче.
Ошондой эле Россия светтик жана көп улуттуу мамлекет экенин да эстен чыгарбоо керек.
Россияда мамлекеттик дин же кайсы бир диндин мыйзамдардан үстөмдүгү жок, ошондуктан диний темаларды козгогондо этият болуңуз. Россиянын Конституциясын өзгөртүүгө жана Россия мыйзамдарына каршы шарият мыйзамдары менен жашоого аракет кылуунун кереги жок.
Россия тургундарынын көбү православдар. Бирок өлкөдө жашаган түпкүлүктүү элдердин арасында мусулмандар, буддисттер жана башка диндердин өкүлдөрү бар, ошондуктан Россияда жүргөндө бардык диндерди жана улуттарды сыйлоо керек. Россияда коомдук жайларда кандайдыр бир динге болгон мамилесин көрсөтүүгө (көчөдө диний жөрөлгөлөрдү өткөрүү, коомдук жайларда намаз окуу, сыйынуу ж.б.) болбойт. Бул үчүн атайын жерлер бар - храмдар, мечиттер, чиркөөлөр, синагогалар, намазканалар ж.б. Россиядагы бардык мамлекеттик мекемелер, атап айтканда, мектептер жана ооруканалар светтик болуп саналат. Эгер сиз күтүлбөгөн жерден Россияга балдарыңыз менен келип, аларды билим берүү мекемесине жайгаштырууну пландап жатсаңыз, мектеп сизден катуу белгиленген мектеп формасын кийүүнү талап кылып, диний кийим менен сабакка барууга тыюу салышы мүмкүн экенин унутпаңыз. Бул мыйзамдуу! Коомдун алдында малды курмандыкка чалуу Россияда таптакыр кабыл алынбайт. Бул үчүн административдик жоопкерчилик каралган.
13. Россияда ок атуучу жана ок атылбоочу куралдарды алып жүрүүгө тыюу салынган. Бул сиз үчүн жана айланадагылар үчүн да кооптуу.
Ошондой эле Россияда мисалы, үйлөнүү үлпөт учурунда асманга ок чыгаруу салты жол берилгис нерсе жана соттук териштирүүгө алып келиши мүмкүн.
14. Ошондой эле эстеликтердин, маданий жайлардын, музейлердин ж.б. маданий-тарыхый жайлардын жанында чагымчылдык кылбоо керек.
Россияда Улуу Ата Мекендик согуштун эстелигине карата өзгөчө мамиле дайыма сакталып, муундан муунга өтүп келет. Андыктан Улуу Ата Мекендик согуштун эстеликтеринин, Өчпөс оттун жанында өзүңүздү татыктуу алып жүрүңүз, аларды мазактагандар катуу жазага тартылат.
15. Россияда насвай жана башка баңгизаттарды медициналык эмес максатта таратууга тыюу салынган. Дарыгерлер насвайды баңгизаттын коркунучтуу түрү катары тааныган, ал көз карандылыкты жаратат жана өпкө, ооз, кекиртек жана ашказандын рак оорусуна алып келет. Аны колдонуу баш ооруга, эс-учун жоготууга жана импотенцияга алып келет.
Карама-каршы жыныстагылар менен жүрүм-турумдун негиздери (эркек-аял
Россияда аялдарга болгон мамиле абдан этият, алар эркектер менен бирдей укукка ээ, ошондуктан аларга аяр мамиле кылуу керек.
1. Россияда көп аялдуулукка жана көп күйөлүүлүкко тыюу салынган. Эркектин же аялдын бир гана мыйзамдуу өнөктөшү болушу мүмкүн.
2. Россияда нике аял менен эркектин ортосунда гана таанылат. Өлкөдө бир жыныстуу никеге тыюу салынган жана ЛГБТ+ кыймылы экстремисттик деп эсептелет.
3. Россияда жарандык абалдын актыларын каттоо органында катталган биримдик гана расмий деп таанылат. Диний никелер расмий болуп саналбайт
4. Россияда жасалма никелерге тыюу салынган. Практика көрсөткөндөй, мындай биримдикти чет өлкөлүк жарандар өздүк кызыкчылык үчүн - Россия Федерациясынын жарандыгын алуу үчүн каттатышы мүмкүн. Эгерде нике кагаз жасалма экени аныкталса, мыйзам бузгандар оор кесепеттерге дуушар болушат жана андан соң жарандык алууга мүмкүнчүлүк берилбейт.
5. Россияда бейтааныш аялдарга жана эркектерге физикалык жактан тийүү (тийүү, кучактоо, колдорун же кийимдерин кармоо ж.б.) же чоочун балдарга көңүл буруу туура эмес. Мындай аракеттер ыдык көрсөтүү катары каралышы мүмкүн. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого мажбурлоо айып пул салуу же эркинен ажыратуу менен жазаланат.
6. Россияда аялдар салттуу түрдө түстүү, кээде ачык кийимдерди кийишет, бул нормага туура келет дана алардын таанышканга даяр же аларга тийишсе болот дегенди билдирбейт.
7. Өзүңүзгө жаккан аялдын же эркектин көңүлүн бурдуруу үчүн үндөрдү чыгарбоо керек (ышкыруу, таңдай такылдатуу ж.б.).
8. Бейтааныш аялдарды жана эркектерди ресторанга, конокко же сейилдөөгө чакыруу сунушталбайт.
9. Кол көтөрүүгө жол берилбейт, өзгөчө аялдарга, карыларга жана балдарга.
Башкаларга ар дайым сылык жана сыпайы болуңуз! Эсиңизде болсун, сиздин жүрүм-турумуңузга, сырткы келбетиңизге карап биздин өлкөбүзгө баа берилет!
Негизги байланыштар
Орусиянын Ички иштер министрлигинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгы:
Оренбург ш., Комсомольская көч., 49-үй
дүйшөмбү-жума 9:00 баштап 18:00 чейин, түшкү тыныгуу 13:00 баштап 14:00 чейин