АНО «Содружество народов Евразии»

Департамент молодежной политики Оренбургской области

Эмгек укуктары

Мигранттар үчүн Орусияда иштөө

Эл аралык студенттер үчүн иштөө

Жумушчунун эмгек укуктары

Эмгек келишими

Эгерде Орусияга иштегени келген болсоңуз, анда өз укуктарыңызды жана милдеттериңизди билүү маанилүү. Бул көйгөйлөрдөн качууга жардам берет.

Эмгек келишими эмгек патентин алгандан кийин 2 айдын ичинде түзүлүшү керек. Болбосо патент жокко чыгарылат. Эмгек келишими эки тарап тарабынан эки нускада түзүлүшү керек: жумушчу жана иш берүүчү үчүн.

Эмгек келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

• жумушчунун фамилиясы, аты, атасынын аты жана паспорттук маалыматтары;

• иш берүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, аталышы жана юридикалык дареги;

• жумушчунун ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисинин маалыматтары;

• жумушчунун кызмат орду жана эмгектик милдеттери;

• иштеген жери - уюмдун иш жүзүндөгү дареги;

• иштин башталган күнү, эмгек келишиминин мөөнөтү;

• эмгекке акы төлөөнүн шарттары, кызмат акынын өлчөмү, айлык акы, кошумча төлөм.

Тараптардын укуктары жана милдеттери

Иш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

• эмгек келишиминин бир нускасы кызматкерге жумуш берүүчүдө сакталган нускага кол койдуруу менен берилет;

• кечиктирбестен жана кармап калууларсыз кызмат акыны төлөөгө. Толук иштеген жумушчунун эмгек акысынын өлчөмү эмгек акынын минималдуу өлчөмүнөн (эмгек акынын минималдуу өлчөмү) төмөн болушу мүмкүн эмес. 2022-жылы эмгек акынын минималдуу өлчөмү 13 890 рублди түзөт;

• кызматкердин эмгек акысына райондук коэффициент 1,15 эсептелет;

эмгек коопсуздугунун нормасына жооп берген жумушчу орун менен камсыз кылуу;

• сизди турак-жай менен камсыз кылган учурда – патенттин ишке жарамдуу мөөнөтүнө Орусия Федерациясынын аймагында убактылуу туруу мөөнөтүңүздү узартуу;

• уюм тарабынан кабыл алынган атайын эрежелер жана жоболор жөнүндө билдирүү. Жумуш күнүнүн узактыгы 8 сааттан, жумуш апталары 40 сааттан ашпоого тийиш. Мүмкүн, эсепке алуу мезгилиндеги ченемди сактоо менен жумуш убактысын суммалык эсепке алууну белгилөө. Кошумча жумуш убактысы үчүн жогорулатылган эмгек акы дайындалат.

Сиз төмөнкүлөргө милдеттүүсүз:

• эмгек келишиминин шарттарын ак ниеттүүлүк менен аткарууга. Жумушчу өзүнүн эмгектик милдеттерин аткарбаса, иш берүүчү жазуу жүзүндө эскертүү, сөгүш берип же иштен бошотот. Эмгек милдеттерин аткарбагандыгы учун жазапул салуу мыйзамсыз!

• жумуштан бошотулгандыгы тууралуу иш берүүчүгө 14 күн мурда жазуу жүзүндө алдын ала эскертүү;

• эмгек тартибин жана коопсуздук эрежелерин сактоо;

• иш берүүчүнүн мүлкүнө жана инвентарына кам көрүү;

• адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган жагдайдын келип чыгышы жөнүндө иш берүүчүгө билдирүүгө;

• эмгек, медициналык китепче, ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин даярдоого активдүү катышуу.

Сиздин төмөнкүлөргө укугуңуз бар:

• өмүргө жана ден соолукка коркунуч жараткан иштерди аткаруудан баш тартууга;

3 жумуш күнүнө чейинки мөөнөттө эмгек келишиминин көчүрмөсүн, эмгек акыны төлөө баракчасын, эмгек акыны төлөө мөөнөтү жана өлчөмү жөнүндө башка маалымкаттарды берүүсүн талап кылууга;

• укуктарыңызды коргоо үчүн Мамлекеттик эмгек инспекциясына, прокуратурага жана сотко кайрылууга;

• сизге эмгек акы төлөнбөгөндө же эмгек келишими бузулган күндөн тартып 1 жыл өткөнгө чейин сотко кайрылууга;

• сотко өз убагында кайрылыңыз. Жумушчу өзүнүн укугу бузулгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып 3 айдын ичинде, ал эми иштен бошотуу жөнүндө талаш-тартыштарда – 1 айдын ичинде сотко кайрылууга укуктуу;

• иш берүүчү 2 айдан ашык мөөнөткө эмгек акыны кечиктирген учурда Оренбург облусунун Тергөө комитетинин органдарына арыз берүүгө;

• эмгек келишими боюнча иштеген ар бир жумушчу ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүгө (28 жумушчу күндөн кем эмес), ооруп калганда жана кырсыктан камсыздандырууга укуктуу.

Эгерде маянаңызды кечиктирип жатышса, биз сизге төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

•Эгерде маянаңызды 15 күндөн ашык мөөнөткө кечиктирип жатышса, маянанын төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу иш берүүчүгө ишти токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүгө укугуңуз бар.

• Эмгек акы боюнча карызды талап кылуу менен иш берүүчүгө кайрылыңыз. Талап коллективдик болушу мүмкүн. Талап каралып жаткан учурда сизди жумуштан бошотууга укугу жок. Арызды тапшырууда анын иш берүүчүнүн алган күнү жөнүндө кол тамгасы же мөөрү бар көчүрмөсү сизде калышы керек.

• Эгерде иш берүүчү талапка жооп бербесе, анда прокуратурага же сотко арыз менен кайрылуу зарыл. Прокуратура өзү эмгек укуктары бузулган жумушчунун кызыкчылыгы үчүн иш берүүчүгө текшерүү жүргүзө алат, ошондой эле аны административдик жоопкерчиликке тарта алат. Коллективдуу кайрылуулар натыйжалуураак.

• Мамлекеттик эмгек инспекциясы иш берүүчүнү карызды төлөөгө милдеттендире алат. Бул үчүн инспекцияга эмгек мамилелерин тастыктаган документтер менен эмгек акынын төлөнбөгөнү тууралуу арыз берилиши керек.

Түшүндүрбөй туруп кызматтан бошотууга тыюу салынат. Кызматтан бошотулганда жумушчуга жумуштан бошотулгандыгы жөнүндө буйрук берилип, ага жумуштан бошотулгандыгы жөнүндө жазуусу бар эмгек китепчеси кайтарылып берилүүгө тийиш. Иш берүүчү жумушчуга анын иштеген убактысы же аткарган иши үчүн, алардын ортосунда келишим түзүлбөсө дагы төлөп берүүгө милдеттүү.

Сиз иштеген уюмдун башчысына жетекчиңиздин үстүнөн арыз жазсаңыз болот. Эгерде бул жардам бербесе, Мамлекеттик эмгек инспекциясына кайрылсаңыз болот. Ал жерден маселени чечүү үчүн консультация жана жардам алууга болот.

Эмгек укуктарын коргоо жөнүндө доо менен сотко кайрылганда жумушчулар алымдарды жана соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулат. 50 миң рублдан аз карыздар боюнча иштер элдештирүү соттору тарабынан каралат, эгерде карыз көбүрөөк болсо - жалпы юрисдикциядагы соттор тарабынан каралат.

Пайдалуу кеңештер

Эл аралык студенттер үчүн иштөө

Күндүзгү бөлүмдө окуган чет өлкөлүк студенттер бош убактысында патентсиз жана иштөөгө уруксатсыз иштей алышат. Иш берүүчү менен эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүү үчүн алар аймакта окуп жатканын тастыктаган мамлекеттик аккредитациядан өткөн университеттен же колледжден маалымкат гана бериши керек.

Мигранттар үчүн кеңештер

• Орусия Федерациясынын чек арасынан расмий түрдө өтүп жатып, миграциялык картада келүү максатыңызды көрсөтүңүз - ИШ.

Мыйзамга ылайык иштеңиз: иштөө үчүн патент алып, иш берүүчү менен эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүңүз: иш берүүчү сиз менен келишим түзүүгө жана анын көчүрмөсүн берүүгө МИЛДЕТТҮҮ. Ошондой эле иш берүүчү эмгек келишими боюнча 5 күндөн ашык иштеген ар бир жумушчуга эмгек китепчесин даярдоого милдеттүү. ортомчуларга кайрылбаңыз: алар жасалма документтерди даярдап, сизди бекер жумушчу күч катары колдонушу мүмкүн.

Ортомчуларга кайрылбаңыз: алар жасалма документтерди даярдап, сизди бекер жумушчу күч катары колдонушу мүмкүн.

Маянанын өлчөмүн жана төлөө шарттарын так талкуулагыла: Канча жана кандай иш үчүн сизге төлөнүшү керектигин билишиңиз керек. Маянанын өлчөмү эмгек келишиминде көрсөтүлүшү керек. Сиз акчаны өзүңүздүн атыңыздагы атайын банк картасына, же жеке өзүңүз кол койгон бухгалтерияга, төлөм баракчасы менен алышыңыз керек. Каалагандай акча мамилелери документтер менен ырасталышы керек.

Кол койгонуңуздун баарын кунт коюп окуп чыгып, көчүрмөсүн берүүнү талап кылыңыз. Эгерде алардын мазмунуна жана шарттарына макул болбосоңуз, келишимдерге, билдирмелерге жана башка документтерге кол койбоого укугуңуз бар.

Иш берүүчүгө документтериңизди сактоого бербеңиз: сизден башка эч ким паспортуңузду, иштөөгө патентиңизди, камсыздандырууңузду, эмгек келишимиңиздин көчүрмөсүн жана башка документтерди сактай албайт, ошондой эле сиздин жүрүү эркиндигиңизди чектеп, телефонуңузду алып кете албайт ж.б. Паспортту алып коюу жана эркиндигин чектөө олуттуу кылмыш болуп эсептелет: мындай учурда милицияга кайрылуу керек!

Ылайыктуу жумуш табуу үчүн гезиттердеги жана интернеттеги жумуш жарыяларын колдонуп, эмгек жана ишке орноштуруу борборуна кайрылсаңыз болот. Пайдалуу маалымат булагы: Бош жумуш орундарын камтыган Оренбург облусунун иш менен камсыз кылуу кызматынын интерактивдүү порталы: szn.orb.ru/vacancy.

Негизги байланыштар

Оренбург областынын эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу министирлиги:

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Оренбург облусу боюнча Миграция башкармалыгы:

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгы:

Орусиянын ИИМ «Паспорттук-визалык кызмат» федералдык мамлекеттик унитардык мекемесинин Оренбург облусу боюнча филиалы:

Оренбург шаарынын Мамлекеттик эмгек инспекциясы:

Оренбург областынын прокуратурасы:

Нөөмөтчү прокурору: