АНО «Содружество народов Евразии»

Департамент молодежной политики Оренбургской области

Орусия Федерациясынын мыйзамдарын бузууга каралган жоопкерчилик

Миграциялык мыйзамды бузууга

Экстремизм жана террорчулук үчүн жоопкерчилик

Миграциялык мыйзамды бузууга

Чет өлкөлүк жарандар тарабынан миграция тармагындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Сиз орусиянын мыйзамдарынын талаптарын кылдаттык менен аткарып, ар кандай мыйзам бузуулардан алыс болушуңуз керек!

Орусияга кирүүгө тыю салуу

Орусия Федерациясына кирүү мүмкүн эмес, эгерде сизде: медициналык камсыздандыруу полиси жок болсо, же жоюлбаган соттуулугуңуз бар болсо, же Орусияда төлөнбөгөн төлөмдөр, салыктар же жазапулдарыңыз бар болсо.

Төмөнкү учурларда сизге 3 жылга Орусия Федерациясына кирүүгө тыюу салынат:

• Орусияда 180 күндүн ичинде жалпысынан 90 күндөн ашык документтери жок жүргөнүңүздө;

2 же андан ашык ар кандай административдик укук бузууларды жасап жана бул үчүн 3 жылдын ичинде сизге жазапул салынганда;

• Орусия Федерациясында мыйзамдуу туруу мөөнөтүн 30 күндөн ашырып жиберсеңиз.

Въезд в РФ запрещается на 5 лет, если Вы:

1 жылдын ичинде 2 же андан ашык жолу миграциялык режимди бузгандыгыңыз үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартылган учуруңузда;

• Орусия Федерациясында 180 күндөн 270 күнгө чейин мыйзамсыз турган учуруңузда Орусия Федерациясынан чыгарылган учуруңуздан баштап.

Төмөнкү учурларда сизге Орусия Федерациясына кирүүгө 10 жылга тыюу салынат:

• Орусия Федерациясында мыйзамсыз 270 күндөн көп турган учуруңузда.

Миграцияга каттоого турууда же жумушка орношууда ортомчуларга кайрылсаңыз, алар сизге жасалма документтерди жасап берип коюшу мүмкүн. Анда сизге Орусия Федерациясына кирүүгө тыю салынат!

Сизге миграциялык линияга кирүүгө тыюу салынгандыгы жөнүндө орусиядагы авиакомпаниялардын өкүлчүлүгүнөн же Орусиянын Оренбург облусу боюнча ИИМБнын сайтынан (56.мвд.рф) биле аласыз.

Эгерде мамлекеттин эсебинен өлкөдөн чыгарылган болсоңуз, анда бул чыгымдарды төлөп беришиңиз керек болот, антпесе сизди өлкөгө кирүүгө тыюу салуу мөөнөтү аяктагандан кийин да кирүүгө уруксат берилбейт.

Кирүүгө тыюуну жокко чыгаруу

Орусияга кирүүгө тыюу салуу төмөнкү учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн:

• эгерде сиз Орусиядан ооруп калуу, оорукчан туугандарды кароо же өзгөчө кырдаалдардан улам мыйзамда белгиленген мөөнөттө чыгып кете албаганыңызды далилдесеңиз;

• эгерде үй-бүлө мүчөлөрүңүз Орусия Федерациясынын жарандары болсо (күйөөсү/аялы, балдары);

• миграциялык амнистия – амнистия берүүнүн шарттары жана мөөнөттөрү Орусия Федерациясы менен келип чыккан өлкөлөрдүн ортосундагы макулдашуулар менен аныкталат;

• эгерде чечим жаңылыштык менен кабыл алынган болсо;

• кирүүгө тыюу салуу мөөнөтүнүн бүтүшү;

• кирүүгө тыюу салуу себебин жоюу.

Орусия Федерациясына кирүүгө тыюу салуу жөнүндө чечимдерди анын аймактык тиешелүүлүгүн эске алуу менен чечим чыгарган органга кайрылуу менен жокко чыгарууга болот.

Кирүүгө тыюу салууну карап чыгууга арыз Орусиянын ИИМнын сайтындагы форманы колдонуу менен электрондук түрдө жөнөтүлүшү мүмкүн (мвд.рф/геquest_main) же Орусиянын Оренбург облусу боюнча Ички иштер министрлигинин Миграция башкармалыгына же Орусияга кирүүгө тыюу салуу боюнча чечим чыгарган башка полиция бөлүмүнө берилиши мүмкүн. Кирүүгө тыюу салууну жокко чыгаруу негиздерин ырастаган документтерди арызга тиркөө керек: Орусия Федерациясынын жарандарынын балдарынын туулгандыгы жөнүндө жана никени каттоо тууралуу күбөлүктөрдү, оору жөнүндө маалымкаттарды ж.б.

Орусия Федерациясына кирүүгө тыюу салуу жөнүндө чечимди кайра кароодон баш тартууну кирүүгө тыюу салган Миграция башкармалыгынын жайгашкан жери боюнча сотко даттанууга болот. Жекече же мыйзамдуу өкүлдүн же адвокаттын жардамы менен доо арыз берүүгө болот.

Административдик жоопкерчилик

Төмөнкү учурларда сизге 5000-7000 рубль жазапул салынып, Орусиядан чыгарылышыңыз мүмкүн:

• каттоого турган жок болсоңуз (миграцияга каттоого туруу жөнүндө билдирме);

• милиция кызматкерлери тарабынан кармалганда керектүү документтериңиз жок болсо;

• миграциялык картага кирүүнүн жалган максатын көрсөтсөңүз;

• керектүү документтер жок же патентте көрсөтүлгөн эмес башка адистик боюнча иштесеңиз;

• миграцияга каттоого туруу учурунда жалган маалыматтарды берген болсоңуз.

Миграция чөйрөсүндөгү административдик укук бузуулар үчүн жаза сот тарабынан аныкталат. Сот отурумунда сиз жактоочунун кызматынан пайдаланууга укуктуусуз. Сиздин талабыңыз боюнча котормочу менен камсыз кылуу керек. Соттун чечими сизге сиз түшүнгөн тилде берилиши керек. Жазуу жүзүндөгү чечимди алгандан кийин 10 күндүн ичинде соттун чечимине даттанууга болот.

Россиядан чыгаруу өз алдынча чыгуу менен мүмкүн – Оренбург облусу боюнча РФ ИИМнин Ички иштер башкармалыгынын билдирүүсү боюнча чет өлкөлүк жарандын эсебинен.

Эгерде өздүгүңүздү тастыктаган документтериңиз жок болсо же каттоодон өтпөсөңүз, же кайрадан укук бузсаңыз, анда сот сизди ЧӨУКБга (чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоо борборлору) жайгаштырууну чечиши мүмкүн.

Эгерде ЧӨУКБга жайгаштырылган болсоңуз, документтериңизди мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүүгө аракет кылыңыз: чет өлкөлүктүн өздүгүн жана жарандыгын аныктоо мүмкүн болбогон учурда ЧӨУКБда туруу 2 жылга чейин созулушу мүмкүн. Өлкөңүздүн элчилигине же консулдугуна кайрылууну унутпаңыз.

Орусиянын ИИМнин Беляевский районундагы чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоо борборлорунун бөлүмдөрүнүн дареги: Беляевский району, Алабайтал айылы, Камчатка көч., 5-үй. Телефону: 8 (3532) 79-50-31, 79-50-32.

Чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоо борборлоруна жайгаштыруу учурунда сизге Коомдук байкоочу комиссия (КБК) жардам бере алат. КБКнын дареги: Оренбург шаары, Краснознаменная көчөсү, 5-үй. КБКнын мүчөлөрү чет өлкөлүк жарандарды кармоо шарттарын текшерүүгө укуктуу, ошондой эле сизге акысыз юридикалык жардам көрсөтө алышат.

Жазык жоопкерчилиги

Жасалма документтерди пайдалангандыгы жана аларды жасагандыгы үчүн чет элдик жарандар жазык жоопкерчилигине тартылат.

Документтин жасалмасын даярдоо 2 жылга чейин эркинен ажыратуу же эркиндигин чектөө менен жазаланат. Жасалма документтерди колдонгондо 80 миң рублга чейин жазапул салуу же 6 айга чейин камакка алуу менен жазаланат.

Өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын билип туруп чет өлкөлүк жаран Орусия Федерациясынын чек арасынан өтсө, 4 жылга чейин эркинен ажыратылат же 300 миң рублга чейин жазапул салынат.

Экстремизм жана террорчулук үчүн жоопкерчилик

Орусия Федерациясында экстремисттик иш-аракеттерди жасагандар үчүн жазык жана административдик жоопкерчилик каралган.

Экстремисттик мүнөздөгү укук бузуулар үчүн төмөндөгүдөй административдик жоопкерчилик каралган:

• Орусия мыйзамында тыюу салынган нацисттик атрибутикаларды же символикаларды, же экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын же символикаларын, же башка атрибутикаларды же символикаларды жайылтуу же эл алдында көрсөтүү, аларды пропагандалоого же эл алдында көрсөтүү аракеттери (жазапул же 15 суткага чейин камакка алуу);

• жек көрүүнү же кастыкты ойготуу, ошондой эле адамдын кадыр-баркын кемсинтүү (жазапул салуу же 15 суткага чейин камакка алуу);

• экстремисттик материалдарды өндүрүү жана таратуу (жазапул же 15 суткага чейин камакка алуу).

Террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги:

• террористтик акт жасагандыгы үчүн (10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же өмүр бою эркинен ажыратуу);

• террордук иш-аракеттерге көмөктөшүү (1 миллион рублга чейин жазапул салуу менен 8 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу);

• терроризмге байланыштуу иш-аракеттерди аткарууга жалпыга ачык чакыруу же терроризмди жалпыга ачык актоо (1 миллион рублга чейин жазапул салуу же 2 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу);

• адамды барымтага алуу (5 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө же өмүр бою эркинен ажыратуу);

• билип туруп терроризм аракети жөнүндө жалган билдирүү (2 миллион рублга чейин жазапул салуу же 10 жылга чейин эркинен ажыратуу);

• мыйзамсыз куралдуу түзүлүштү уюштуруу же ага катышуу (8 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу).

Экстремисттик багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги:

• экстремистке байланыштуу иш-аракеттерди аткарууга жалпыга ачык чакыруу (5 жылга чейин эркинен ажыратуу);

• жек көрүүнү же кастыкты ойготуу, ошондой эле адамдын кадыр-баркын кемсинтүү (6 жылга чейин эркинен ажыратуу);

• экстремисттик коомчулукту уюштуруу (12 жылга чейин эркинен ажыратуу);

• экстремисттик уюмдун иш-аракеттерин уюштуруу (10 жылган чейин эркинен ажыратуу);

• экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо (10 жылга чейин эркинен ажыратуу).

Эгер кимдир бирөө сизге радикалдуу ислам жөнүндө айтып кайрылса, жолугушууга катышууну же салттуу эмес диндер жөнүндө журналдарды жана китептерди окууну сунуштаса, же сиз жакындап жаткан кылмыш же террордук акт тууралуу кабардар болсоңуз, бул тууралуу дароо Федералдык коопсуздук кызматына (ФКК) 8-800-224-22-22 федералдык телефону боюнча (Орусиянын аймагында чалуу акысыз) же ФККнын Оренбург облусу боюнча башкармалыгына кайрылууңуз керек.

Негизги байланыштар

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгы:

Оренбург областындагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу адам:

ФККнын Оренбург облусу боюнча башкармалыгына

Оренбург областынын прокуратурасы:

Нөөмөтчү прокурору: