АНО «Содружество народов Евразии»

Департамент молодежной политики Оренбургской области

Орусияга кирYY

Миграцияга каттоого туруу

Жумуш үчүн патент

Орусияга кирүү

Орусия Федерациясына кирүү эрежелери:

• ички паспорт боюнча ЕАЭБ (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан) жана Украинанын;

• жарандары, чет өлкөлүк паспорт боюнча калгандар.

Төмөнкү адамдар Орусия Федерациясына визасыз кирүүгө жана турууга укуктуу:

• ЕАЭБ жарандарына (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан) – ар 180 күндүк мезгилде 90 күнгө чейин же иштеген үй-бүлө мүчөсү турган мөөнөттө;

• КМШ (Өзбекстан, Тажикстан, Молдова, Азербайжан, Украина), Абхазия, Түштүк Осетиянын жарандарына – ар 180 күндүк мезгилде 90 күнгө чейин;

• Донецк элдик республикасы жана Луганск элдик республикасынын жарандары – 180 күнгө чейин.

Орусияга киргенде камсыздандыруу полисиңиз бар болушу керек. Аны мекениңизден же Орусиянын аймагына кирген күнү сатып алуу керек. Орусияда аны каалаган камсыздандыруу ишканасынан, ири аэропорттордо жана вокзалдарда, ошондой эле почта бөлүмдөрүнөн сатып алса болот.

Миграциялык карта - АКЫСЫЗ берилет жана Орусияга кирүүдө толтурулат. Паспортуңузда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарга ылайык аны латын тамгалары менен толтурса болот.

МААНИЛҮҮ! Миграциялык картада кирүү максаты көрсөтүлүшү керек, мисалы: “Жумуш”, “Жеке”, “Окуу” ж.б. 2021-жылдын 29-декабрынан баштап Орусияга киргенден кийин 30 күндүн ичинде манжа изин каттоодон өткөрүү (манжа изин алуу) жана сүрөткө түшүрүү керек.

Миграцияга каттоого туруу (Каттоо)

Миграцияга каттоого туруунун акыркы мөөнөтү:

• Беларустун жана Украинанын жарандары үчүн – 90 күнгө чейин;

• ЕАЭБга кирген өлкөлөрдүн жарандары үчүн (Армения, Казакстан жана Кыргызстан) – 30 күн;

• Таджикистандын жарандары үчүн – 15 күн;

• калгандары (анын ичинде Өзбекстандын жарандары) – 7 күн.

МААНИЛҮҮ! Кайсы аймакта жашап жана иштей турган болсоңуз, ошол аймакта миграцияга каттого турушуңуз керек. Бул иш жүзүндө жашаган жеринде аткарылышы керек, антпесе жоопкерчиликке тартылып, жазапул төлөшүңүз мүмкүн!

Миграцияга каттоого турууну кабыл алуучу тарап ишке ашырат - өз дарегиңиз боюнча физикалык адам же сиз иштей турган уюм тарабынан каттала аласыз, б.а. сизди турак-жай менен камсыз кылуучу адам тарабынан.

Миграцияга каттоого туруу үчүн керектүү документтер:

• паспорттогу чек арадан өткөндүгү жөнүндө маалыматтар жана белгилер бар беттердин көчүрмөлөрү;

• миграциялык картанын көчүрмөсү (Беларусь жарандарынан тышкары);

• ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полиси;

• турак жайды пайдалануу укугун ырастоочу документтин көчүрмөсү (мисалы, жалдоо жана менчик укугу жөнүндө документ).

Жашаган жери боюнча миграцияга каттоого туруу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз:

• райондук деңгээлдеги Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарынын миграциялык бөлүмдөрүнө;

• мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча көп функциялуу борборлорго;

• Орусия почтасынын бөлүмдөрүнө.

Миграцияга каттоого туруу үчүн төмөнкүлөр керек болот:

•жашай турган жериңизге келгендигиңиз жөнүндө билдирме бланкын толтуруңуз жана аны Орусиянын Оренбург облусу боюнча ИИМБнын Миграция башкармалыгына жөнөтүңүз;

• документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө белги коюлган келгендиги жөнүндө билдирменин айрып алма бланкын алуу жана сактап коюу.

МААНИЛҮҮ! Ортомчуларга кайрылбаңыз! Сизге жасалма каттоо даярдап берип коюшу мүмкүн. Кирүү жана туруу эрежелерин бузгандар үчүн – Орусиядан чыгаруу мүмкүн болгон 2 миңден 5 миң рублга чейин жазапул жана 5 жылга кирүүгө тыюу салынат.

Чет элдик жарандар Орусияда иштөө үчүн патент керек.

Өзбекстандын, Тажикстандын, Азербайжандын, Молдованын жана Украинанын жарандары иштөө үчүн патент даярдоосу керек. Ал 1 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө берилет.

Патент Орусиянын Оренбург облусу боюнча ИИМБнын Миграция башкармалыгы тарабынан берилет жана ал иштөө үчүн даярдалган Орусия Федерациясынын аймагында гана жеткиликтүү. Патентте көрсөтүлгөн адистик боюнча гана иштей аласыз.

МААНИЛҮҮ! Патентте көрсөтүлгөн адистикке кирбеген иш үчүн 2 миңден 5 миң рублга чейин жазапул салынышы мүмкүн.

Мөөнөтү: Орусия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде алуу керек, антпесе патент алуу шарттарын бузгандыгы үчүн 10000ден 15000 рублга чейин жазапул төлөөгө туура келет.

Патент алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

• патент берүүгө арыз;

• сүрөт (3х4, жылтырабаган);

• паспорт (+паспорттун көчүрмөсү);

• жумушту Орусия Федерациясына келүү максаты катары көрсөтүүчү миграциялык карта;

• баңгичиликтин жана жугуштуу оорулардын жоктугун тастыктаган медициналык корутунду, ошондой эле СПИД-инфекциясынын жок экендиги жөнүндө сертификат;

• чет өлкөлүк жаран иштеген мезгилге жарактуу акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим;

• орус тилин, Орусиянын тарыхын жана Орусия Федерациясынын мыйзамдарынын негиздерин билерин тастыктаган документ (патент алуу үчүн сынактан өтүү керек. Муну мүмкүн болушунча тезирээк жасоо сунушталат. Экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу үчүн курстардан өтүшүңүз керек болушу мүмкүн).

Патент арыз берилген күндөн тартып зарыл документтер жана документтер берилген күнү манжа изинен (манжа изин алуу) өткөндөн кийин 10 жумушчу күндүн ичинде даяр болот. Даяр патент арыз ээсине ЖЕКЕ паспортун, ошондой эле алдын ала төлөмдүн төлөнгөндүгүн тастыктаган документти көрсөткөндө берилет. 2022-жылы төлөм суммасы 4372 рублди түзөт. Төлөм салык органынын реквизиттери боюнча Орусия Федерациясынын Сбербанкынын каалаган бөлүмүндө жүргүзүлөт. Патент алууга арыз бергенге чейин 3-5 күн мурун төлөө сунушталат.

МААНИЛҮҮ! Эсиңизде болсун, эгерде чет өлкөлүк жаран Орусия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган документтерди бербестен 90 күндөн ашык жүрсө, ага үч жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салынат. Эгерде чет өлкөлүк жаранга таандык патенттин жарактуулук мөөнөтү узартылбаса же ага берилген патент жокко чыгарылса, бул чет өлкөлүк жаран Орусия Федерациясында анын убактылуу болуу мөөнөтү аяктаган учурда Орусия Федерациясынан чыгып кетүүгө милдеттүү.

Пайдалуу кеңештер

• Орусияга кирүү үчүн колдонгон билетти же отургузуу талонуңузду сактаңыз;

• Паспортуңузду, миграциялык картаңызды, каттооңузду, төлөм чектери менен иштөө үчүн патентиңизди, жарактуу медициналык полисиңизди дайыма жаныңызда алып жүрүңүз;

• Паспортуңуздун, миграциялык картаңыздын, каттооңуздун, патентиңиздин, медициналык полисиңиздин, эмгек келишимиңиздин бардык беттеринин көчүрмөсүн жасаңыз.

МААНИЛҮҮ! Миграцияга каттоого турууда билдирменин эки бөлүгүндө тең жашаган жердин дареги, кабыл алуучунун жана сиздин жеке маалыматтарыңыз көрсөтүлүшү керек. Кабыл алуучу тарап, эгерде ал жеке жак болсо, бланкага кол коет. Эгерде бул уюм болсо – иш берүүчүнүн мөөрү жана колу коюлат.
Жумушка орношкондон кийин миграцияга каттоого туруу (каттоо) эмгек келишиминин же акы төлөнүүчү эмгек патентинин мөөнөтүнө үзгүлтүксүз узартылышы керек.

Оренбург шаарында патентти каттоо үчүн документтердин топтомун берүү Орусиянын ИИМнын "Паспорттук-визалык кызмат" федералдык мамлекеттик унитардык мекемесинин төмөнкү даректеги ыйгарым укуктуу уюму тарабынан жүзөгө ашырылат: Оренбург ш., 75 линия/16 линия көч., 1/14 үй, телефону 44-78-15, же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталы (www.gosuslugi.ru). боюнча алдын ала жазылуу аркылуу.

Патент үчүн төлөм ар бир эмгек акы төлөнүүчү ай аяктаганга чейин 1 күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт. Патент боюнча төлөмдөр 12 айга чейин алдын ала төлөнүшү мүмкүн. Патент үчүн төлөмдү тастыктаган чектерди сактоону унутпаңыз.

Патент алгандан кийин 2 айдын ичинде иш берүүчү менен эмгек келишиминин көчүрмөсүн Орусиянын Оренбург облусу боюнча ИИМБнын Миграция башкармалыгына жөнөтүш керек.

Патентти жоготуп алган учурда, патенттин дубликатын алуу үчүн арыз менен Орусиянын Оренбург облусу боюнча ИИМБнын Миграция башкармалыгына кайрылсаңыз болот.

Негизги байланыштар

Орусиянын Оренбург облусу боюнча ИИМБнын Миграция башкармалыгы:

Орусиянын «Паспорттук-визалык кызмат» федералдык мамлекеттик унитардык мекемесинин Оренбург облусу боюнча ИИМБнын филиалы:

«А. С. Пушкин атындагы Орус тили боюнча мамлекеттик институ» Жогорку окуу жайынын федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемеси:

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча Оренбург областтык көп функциялуу борбору: