АНО «Содружество народов Евразии»

Департамент молодежной политики Оренбургской области

Милиция менен чогуу иш алып баруу

Документтерди текшерүү

Камакка алынган учурда

Орусияда жүрүм-турум эрежелери

Рейддер

Документтерди текшерүү

Документтерди кызматтык милдеттемелерин аткарып жаткан милиция кызматкерлери гана текшерүүгө укуктуу. Алар милициянын формасында жана жанында атайын төш белгиси болушу керек (жетон) – анын номерин эстеп же жазып алыңыз. Милиция кызматкери сизге кайрылууда өзүнүн наамын, кызматын, фамилиясын айтып, сиздин өтүнүчүңүз боюнча күбөлүгүн көрсөтүп, документтерди текшерүүнүн себебин жана максатын түшүндүрүшү керек.

Көчөдө турган үч же андан көп адамдан турган топтор милицияда суроо жаратаарын эске алуу керек. Милиция кызматкери сизди эч нерсеге айыптабаганын жана анын документтерди көрсөтүү өтүнүчү сизди кемсинтпешин түшүнүү керек.

Ар дайым жаныңызда төмөнкүлөрдү алып жүрүшүңүз керек:

• паспорт;

• миграциялык картаны;

миграцияга каттоого туруу (каттоо) жөнүндө билдирме;

• алдын ала салык төлөмдөрү тууралуу чектер менен жумуш патенти;

• ыктыярдуу (ЫМК) же милдеттүү (ММК) медициналык камсыздандыруунун жарактуу полиси.

Бул документтердин бардыгынын көчүрмөсүн сөзсүз жасап, аларды түп нускасынан бөлөк жерде сактоону унутпаңыз – эгерде документтерди жоготуп алсаңыз, аларды калыбына келтирүү сизге оңой болот.

Милиция кызматкери документтериңиз анык экенинен күмөн санашы мүмкүн. Бул учурда ал жакынкы полиция пунктуна каттоо боюнча дайындар базасына документтерди текшерүү үчүн аны менен кошо баруусун суранат. Эгер ошондой болсо, туугандарыңызга же досторуңузга чалып, кайда экениңизди жана ким менен сүйлөшүп жатканыңызды билдириңиз.

Эсиңизде болсун! Пара берүү кылмыш болуп эсептелет (милиция үчүн гана эмес пара берген адам үчүн да)! Пара болуп акча гана эмес, товар жана кызматтар да эсептелет (мисалы, акысыз же арзандатылган баада көрсөтүлгөн оңдоп-түзөө жана курулуш иштери).

Камакка алынган учурда

Кармалган адам телефон аркылуу сүйлөшүүгө укуктуу.

Кармоо жөнүндө протокол түзүлүп, анда милиция кызматкери мындай деп жазат:

• протокол түзүлгөн күнү, убактысы жана жери;

• протоколду түзгөн милиция кызматкеринин баш тамгалары, кызмат орду, фамилиясы;

• кармалган адам жөнүндө маалыматтар, күнү, убактысы, жери, кармоонун негиздери жана жүйөсү.

Кармалгандыгы тууралуу протоколго аны түзгөн милиция кызматкеринин колу коюлат. Андан соң эгер бузуулар аныкталса, милиция кызматкери административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүшү керек.

Протоколдун мазмуну менен макул болбосоңуз, төмөнкүнү жазыңыз: “Мен протоколго макул эмесмин” деп жазыңыз жана себебин көрсөтүңүз. Мисалы: "анткени протоколдо көрсөтүлгөн аракеттерди жасаган эмесмин". Эгерде орус тилин жакшы түшүнбөсөңүз жана сиздин өтүнүчүңүз боюнча сизге котормочу берилбесе, муну протоколго жазсаңыз болот, мисалы: “Мен протоколдун орусча текстин түшүнбөйм”. Сиз муну өз эне тилиңизде да жазсаңыз болот.

Эгерде протоколго кол коюудан баш тартсаңыз, милиция кызматкери бул жөнүндө протоколго жазууга милдеттүү.

Кармоо тууралуу протоколдун көчүрмөсүн сөзсүз түрдө сураңыз – милиция муну сиздин өтүнүчүңүз боюнча жасашы керек.

Камакка алуу протоколу сиз жазапул төлөшүңүз керек дегенди билдирбейт. Жазапул соттун же райондук денгээлде Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органынын жетекчисинин чечими менен гана дайындалышы мүмкүн. Ишти кароого жеке катышууңуз жана чечимди өзүңүз түшүнгөн тилде колуңузга алууңуз керек.

Соттун чечими чыкканга чейин жаран 48 сааттан ашык кармалбайт. Кармалган адам жактоочуну, ошондой эле орус тилин жакшы билбесе, котормочуну да талап кыла алат.

Милиция кызматкерлери жазапул же башка төлөм төлөө үчүн күрөөгө документтерди алууга укугу жок – бул мыйзамсыз!

Эгерде мыйзамсыз кармалган болсоңуз, камак жайларында адам укуктарынын сакталышына коомдук көзөмөлдү ишке ашыруу жана камак жайларында адамдарга жардам берүү үчүн Оренбург областынын Коомдук байкоочу комиссиясына (КБК) кайрылыңыз. КБКнын мүчөлөрү чет өлкөлүк жарандарды кармоо шарттарын текшерүүгө укуктуу, ошондой эле сизге акысыз юридикалык жардам көрсөтө алышат. КБКнын дареги: Оренбург шаары, Краснознаменная көчөсү, 5-үй.

Эгерде сиз Чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоо борборлоруна (ЧӨУКБ) жайгаштырылсаңыз, документтериңизди тез арада калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө аракет кылыңыз. Чет өлкөлүктүн өздүгүн жана жарандыгын аныктоо мүмкүн болбогон учурда ЧӨУКБда болуу 2 жылга чейин созулушу мүмкүн. Бекер юридикалык жардам алуу үчүн өлкөңүздүн консулдугуна же КБКга кайрылыңыз.

Рейддер

Документтериңизди атайын рейддер учурунда текшере алышат. Милиция кызматкерлери паспортту, миграциялык картаны, миграцияга каттоого туруу (каттоо) жөнүндө билдирмени, медициналык полисти текшерет. Ошондой эле иш жүзүндө иштеген жери жана кызмат орду документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келеби же жокпу текшерет.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматкерлер тарабынан акт түзүлөт, ал эми бузуулар табылган учурда администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлөт же администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголот. Актынын же протоколдун бир нускасы шектүү адамга берилүүгө тийиш.

Миграция чөйрөсүндөгү административдик укук бузуу жөнүндө протокол милиция кызматкерлери тарабынан гана түзүлө алат.

Протокол түзүү жазапул төлөөгө милдеттүү дегенди билдирбейт. Сизге административдик укук бузуу жөнүндө токтом бериши керек, аны 10 күндүн ичинде сотко даттана аласыз.

Милиция кызматкерлеринин иш-аракеттерине даттануулар

Эгерде милиция кызматкерлери сиздин укугуңуздарды бузуп, арыздарды кабыл алуудан баш тартса, өз милдеттерин аткарбаса, пара талап кылса же зомбулук көрсөтсө, Орусиянын Оренбург облусу боюнча Ички иштер министрлигинин башкармалыгына, Орусия Федерациясынын Оренбург областынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу прокуратурага жардам сурап кайрылсаңыз болот.

Орусияда жүрүм-турум эрежелери

Эгерде кылмыштын күбөсү же курмандыгы болсоңуз, милицияга кайрылыңыз: 02 – шардык телефондон «102» же «112» – уюлдук телефондон.

Орусия Федерациясында жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран келген өлкөнүн мыйзамдарын, үрп-адаттарын жана салттарын сактоого жана урматтоого милдеттүү! Алар менен Орусияга кире электе эле таанышуу зарыл.

Милиция кызматкерлеринин тапшырмасы – мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо, алардын улуттук, этностук, диний жана башка көз караштарына карабастан жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо.

Бардык адамдар үчүн эң негизги эреже – бул бири-бирин урматтоо.

Бардык адамдар этникалык айырмачылыктарга: улутуна, тилине, сырткы келбетине, улуттук адаттарына жана жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрүнө карабастан жүрүм-турумдун жалпы эрежелерин сакташат. Биздин өлкөдө улуттук жана диний негизде кимдир-бирөөнү таарынтууга, кемсинтүүгө болбойт. Бул адамдардын баарлашуусунун эң маанилүү эрежелеринин бири.

Оренбург облусунун коноктору жергиликтүү калктын жашоо образын сыйлоого, сабырдуу болууга, орой сөз айтпоого, жергиликтүү маданиятка текебердүү жана тоотпогондук кылбоого, кабыл алуучу өлкөнүн жетекчилерин кемсинткен билдирүүлөргө жол бербөө керек.

Көчөдө жүрүм-турумдун негизги эрежеси –башкаларга ыңгайсыздык жана кыйынчылык жаратпоо. Шаардын көчөлөрүндө оң жакта жүрүү керек. Басып баратканда башка адамдарга зыян келтирбөөгө аракет кылыңыз. Адамдардын жанынан өтүп кеткенден кийин артка бурулуп, алардын артынан карабаңыз, ошондой эле алардын сырткы көрүнүшүнө сын такпаңыз. Телефондо же бири-бириңиз менен өтө катуу сүйлөшүп, башкалардын көңүлүн бурбаңыз.

Коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичкендиги жана тамеки тарткандыгы, ошондой эле таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн жарандар, анын ичинде чет өлкөлүктөр административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Орусияда насыбай жана башка баңгизаттарды медициналык эмес максатта таратууга тыюу салынган. Дарыгерлер насвайды баңги заттын коркунучтуу түрү катары тааныган, ал көз карандылыкты чакырып, өпкө, ооз, кекиртек жана ашказандын рагын пайда кылат. Колдонуунун кесепеттери баш оору, эс-учун жоготуу жана алсыздык болуп саналат.

Ата-энеси жок болгон учурда башка адамдардын балдары менен сүйлөшүүгө, ошондой эле аларга жакшы ниет менен да көңүл буруунун белгилерин көрсөтүү мүмкүн эмес экенин билүү маанилүү.

Коомдук транспортто жүргөндө шашпаңыз, башкаларды түртпөңүз, улгайгандарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кош бойлуу аялдарга жана балдарга орун бошотуп бериңиз. Коомдук транспортко кийими жана бут кийими кир бойдон кирүү адепсиздик. Жүргүнчүлөрдүн бирин булгоочу же жаракат келтириши мүмкүн болгон боёочу, саюучу, кесүүчү нерселерди ташууга тыюу салынат.

Айланаңыздагыларга ар дайым сылык мамиледе болуңуз! Эсиңизде болсун, өлкөбүзгө сиздин жүрүм-турумуңузга, келбетиңизге карап баа берилет!

Негизги байланыштар

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгы:

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Оренбург облусу боюнча Миграция башкармалыгы:

Орусиянын ИИМ «Паспорттук-визалык кызмат» федералдык мамлекеттик унитардык мекемесинин Оренбург облусу боюнча филиалы:

Оренбург областынын прокуратурасы:

Нөөмөтчү прокурору

Мамлекеттик автономдуу мекеме "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча Оренбург көп функционалдуу борбору":