Орусия Федерациясынын мыйзамдарын бузууга каралган жоопкерчилик
Миграциялык мыйзамды бузууга
Экстремизм жана террорчулук үчүн жоопкерчилик
Миграциялык мыйзамды бузууга
Чет өлкөлүк жарандар тарабынан миграция тармагындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Сиз орусиянын мыйзамдарынын талаптарын кылдаттык менен аткарып, ар кандай мыйзам бузуулардан алыс болушуңуз керек!
Миграция мыйзамдарын бузуулар 2 миңден 5 миң рублга чейин айып пул салууга, ошондой эле өлкөдөн депортацияга алып келиши мүмкүн (соттун же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечими боюнча).
Миграция мыйзамдарынын негизги бузуулары:
1. Россияга кирүү жана жашоонун иш жүзүндөгү максаттары менен документтерде көрсөтүлгөндөрдүн ортосундагы айырмачылык.
2. Россиянын аймагында документтери жок жүрүү, эгерде алар жоголгон болсо алардын жоголгондугу тууралуу арыз Россиянын Ички иштер министрлигине берилген эмес. Бул Россия Федерациясынан административдик чыгаруу менен катар эле 2 миңден 5 миң рублга чейин айып пул салууга алып келет.
3. Миграциялык каттоого туруу эрежелерин бузуу Россиядан административдик чыгаруу менен катар эле 2 миңден 5 миң рублга чейин айып пул салууга алып келет.
4. Патентсиз иштөө же башка аймакта же башка кесипте берилген патент боюнча иштөө Россия Федерациясынан административдик чыгаруу менен катар эле 2 миңден 5 миң рублга чейин айып пул салууга алып келет
5. Патентти каттоонун мөөнөттөрүн сактабоо 10 миңден 15 миң рублга чейинки өлчөмдө айып пул салууга алып келет.
6. Документтин мөөнөтү бүткөндөн кийин Россиянын аймагында болуу (патент, убактылуу жашоого уруксат ж.б.).
Миграцияга каттоого турууда же жумушка орношууда ортомчуларга кайрылсаңыз, алар сизге жасалма документтерди жасап берип коюшу мүмкүн. Анда сизге Орусия Федерациясына кирүүгө тыю салынат!
Сизге миграциялык линияга кирүүгө тыюу салынгандыгы жөнүндө орусиядагы авиакомпаниялардын өкүлчүлүгүнөн же Орусиянын Оренбург облусу боюнча ИИМБнын сайтынан (https://56.мвд.рф) биле аласыз.
Эгерде мамлекеттин эсебинен өлкөдөн чыгарылган болсоңуз, анда бул чыгымдарды төлөп беришиңиз керек болот, антпесе сизди өлкөгө кирүүгө тыюу салуу мөөнөтү аяктагандан кийин да кирүүгө уруксат берилбейт.
Көзөмөлгө алынган адамдардын реестри
Россияда келүүгө (жашоосуна) мыйзамдуу негиздери жок чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн чыгарылууга тийиш. Алар Россиядан өз алдынча чыгып кеткенге чейин (чыгаруу же депортациялоо) көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилет.
Реестрге киргизилген чет өлкөлүк жарандарга төмөнкү тыюу салуулар колдонулат:
• ички иштер органынын уруксатысыз Россия Федерациясында жашаган жерин же келген жерин өзгөртүүгө;
• Россия Федерациясынын субъектисинин, көзөмөлдөгү адам жашаган (болгон) муниципалитеттин аймагынан тышкары чыгууга;
• кыймылсыз мүлк, автотранспорт каражаттарын алууга, бул мүлктү мамлекеттик органдардан каттоого алууга;
• никеге турууга;
• юридикалык жакты түзүүгө, жеке ишкер катары каттоого турууга;
• Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү төлөмдөрдү төлөө максатында акча каражаттарын которууну, ошондой эле көзөмолдөөчү жактын эсебине акча каражаттарын которууну жана накталай акчаны берүүнү кошпогондо, банк эсебин ачууга жана башка банк операцияларын жүргүзүүгө. Көзөмөлгө алынган адамга айына 30 миң рублдан ашык эмес өлчөмдө каражат которууга же накталай берүүгө болот.
Көзөмөлгө алынган адам белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды бир нече жолу (эки же андан көп жолу) сактабаган учурда, аны депортациялоо жана Россиянын ИИМинин аймактык органынын атайын мекемесине (Беляевский району, Алабайтал айылы, Камчатка көч., 5.) жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынат.
МААНИЛҮҮ: Административдик жоопкерчиликтен тышкары, Россияда болуу мөөнөтүнөн ашып кетүү Россия Федерациясынан чыккан күндөн тартып үч жылга кирүүгө тыюу салууга алып келет. Эгерде Россияда мыйзамдуу болуу мөөнөтү аяктагандан кийин чет өлкөлүк жаран ал жерде 180ден 270 күнгө чейин үзгүлтүксүз жүрсө, 5 жылга, 270 күндөн ашык жүрсө 10 жылга кирүүгө тыюу салынат.
Административдик жоопкерчилик
Административдик жазага айып салуу, административдик камакка алуу (15 суткага чейин), мажбурлап жумушка тартуу жана атайын укуктан (мисалы, унаа башкаруу укугунан) ажыратуу болуп саналат.
Төмөнкү учурларда сизге 2000-10000 рубль жазапул салынып, Орусиядан чыгарылышыңыз мүмкүн:
• каттоого турган жок болсоңуз (миграцияга каттоого туруу жөнүндө билдирме); • милиция кызматкерлери тарабынан кармалганда керектүү документтериңиз жок болсо; • миграциялык картага кирүүнүн жалган максатын көрсөтсөңүз; • керектүү документтер жок же патентте көрсөтүлгөн эмес башка адистик боюнча иштесеңиз; • миграцияга каттоого туруу учурунда жалган маалыматтарды берген болсоңуз.
Документтерди даярдоодо жасалма документтерди, башка адамдардын документтерин (окшотуп жасоо), ошондой эле өзү жөнүндө жалган маалыматтарды пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликти өзүнчө белгилей кетүү керек. Бул учурда ошондой эле административдик жоопкерчиликке, ал эми өзгөчө оор учурларда, ал тургай кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Мындан тышкары эгерде чек арада жасалма документтер колдонулса, Орусиянын аймагына кире албайсыз.
Ошондой эле чет элдик жаранга гана колдонула турган жаза бар – Орусиянын аймагынан административдик чыгаруу.
Мындай чыгаруу чет өлкөлүк жарандарды Орусиянын чек арасы аркылуу мажбурлап өткөрүү же өз алдынча чыгып кетүүдөн турушу мүмкүн. Чет элдик жарандарды чыгаруунун алдында атайын жайга – убактылуу жайгаштыруучу жайга жайгаштырылышы мүмкүн. Мындай борбордон каалагандай убакта чыгып кетүүгө болбойт
Орусиянын ИИМнин Чет элдик жарандарды убактылуу жайгаштыруучу жай бөлүмүнүн Беляев району боюнча дареги: Беляевский району, Алабайтал айылы, Камчатка көч., 5. Телефон: 8 (3532) 79-50-31, 79-50-32.
Административдик жазалар кылмыш жазаларына караганда анча оор эмес, бирок чет өлкөлүк жарандар үчүн административдик жоопкерчиликке тартылуу өтө жагымсыз кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Көңүл буруңуз: эгерде чет өлкөлүк жаран Орусияда 3 жылдын ичинде 2 же андан көп жолу административдик жоопкерчиликке тартылса, ага 3 жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн.
Эгерде чет өлкөлүк жаран коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка кол салуу, же болбосо болуу режимин же эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү тартибин бузуу менен байланышкан административдик укук бузуулар үчүн бир жылда 2 жолу жана андан көп жолу жоопкерчиликке тартылса, Орусиянын аймагына 5 жылга кирүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле административдик чыгарып салуу өкүмү чыккандан кийин 5 жылга кирүүгө тыюу салынат. Эгерде административдик чыгарып салуу кайра киргизилсе, 10 жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынат.
Мындан тышкары чет өлкөлүк жаран Россия Федерациясынын мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу ага карата Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салуу же анын Орусияда болушуна бөгөт коюу жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн. Мындай чечимдер кабыл алынган болсо, чет өлкөлүк жаран Орусиянын аймагынан чыгып кетүүгө милдеттүү. Болбосо, ал депортацияланат. Ошондой эле аталган чечимдер мындан ары жарандарды белгиленген мөөнөткө чейин өлкөгө киргизүүгө уруксат бербейт.
Кылмыш-жаза жоопкерчилиги
Кылмыш-жаза жоопкерчилиги олуттуу укук бузуулар болгон учурда иштей баштайт.
Кылмыштар үчүн жаза айып пул, мажбурлап иштетүү, камакка алуу, эркинен ажыратуу ж.б. түрүндө болушу мүмкүн.
16 жаштан ашкан адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн, бирок айрым кылмыштар үчүн (мисалы, уурулук, зордуктоо, киши өлтүрүү) жоопкерчилик 14 жаштан башталат.
Кылмыш-жаза жоопкерчилиги кандай учурларда келип чыгат:
Орусиянын аймагында баңгизаттарды жүгүртүүгө тыюу салынат:
• баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, ташуу жана даярдоо үчүн 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза каралган;
• баңгизат каражаттарын мыйзамсыз өндүрүү, сатуу жана өткөрүп берүү үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратууга чейин жаза каралган;
• баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун колдонууга азгыргандыгы үчүн 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза каралган.
Орусияда балдарды зордуктоо жана азгырып алуу өзгөчө катаал жазаланат. Ошондой эле кылмыш жоопкерчилиги уруп-сабоо, унаа уурдоо, бейбаштык, адам өлтүрүү ж.б.у.с. учурларда да күчүнө кирет.
Учурда массалык макулдашылбаган аракеттерге катышкандар да кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн!
Миграциялык мыйзамдардын айрым олуттуу бузуулары да кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Мисалы, Орусияга мыйзамсыз кирүү же мыйзамсыз жүрүүнү уюштуруу 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Чет өлкөлүк жаранды иш жүзүндө жашабаган жерине жасалма каттоо да кылмыш болуп саналат. Ал үчүн 16 жашка толгон жана Орусияда чет элдиктер жасалма катталган турак жайдын ээси же ижарачысы болгон адам жоопкерчилик тартат. Жазага 100дөн 500 миң рублга чейин айып пул салынышы мүмкүн.
Экстремизм жана террорчулук үчүн жоопкерчилик
Орусия Федерациясында экстремисттик иш-аракеттерди жасагандар үчүн жазык жана административдик жоопкерчилик каралган.
Экстремисттик мүнөздөгү укук бузуулар үчүн төмөндөгүдөй административдик жоопкерчилик каралган:
• Орусия мыйзамында тыюу салынган нацисттик атрибутикаларды же символикаларды, же экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын же символикаларын, же башка атрибутикаларды же символикаларды жайылтуу же эл алдында көрсөтүү, аларды пропагандалоого же эл алдында көрсөтүү аракеттери (жазапул же 15 суткага чейин камакка алуу);
• жек көрүүнү же кастыкты ойготуу, ошондой эле адамдын кадыр-баркын кемсинтүү (жазапул салуу же 15 суткага чейин камакка алуу);
• экстремисттик материалдарды өндүрүү жана таратуу (жазапул же 15 суткага чейин камакка алуу).
Террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги:
• террористтик акт жасагандыгы үчүн (10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же өмүр бою эркинен ажыратуу);
• террордук иш-аракеттерге көмөктөшүү (1 миллион рублга чейин жазапул салуу менен 8 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу);
• терроризмге байланыштуу иш-аракеттерди аткарууга жалпыга ачык чакыруу же терроризмди жалпыга ачык актоо (1 миллион рублга чейин жазапул салуу же 2 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу);
• адамды барымтага алуу (5 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө же өмүр бою эркинен ажыратуу);
• билип туруп терроризм аракети жөнүндө жалган билдирүү (2 миллион рублга чейин жазапул салуу же 10 жылга чейин эркинен ажыратуу);
• мыйзамсыз куралдуу түзүлүштү уюштуруу же ага катышуу (8 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу).
Экстремисттик багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги:
• экстремистке байланыштуу иш-аракеттерди аткарууга жалпыга ачык чакыруу (5 жылга чейин эркинен ажыратуу);
• жек көрүүнү же кастыкты ойготуу, ошондой эле адамдын кадыр-баркын кемсинтүү (6 жылга чейин эркинен ажыратуу);
• экстремисттик коомчулукту уюштуруу (12 жылга чейин эркинен ажыратуу);
• экстремисттик уюмдун иш-аракеттерин уюштуруу (10 жылган чейин
эркинен ажыратуу);
• экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо (10 жылга чейин эркинен ажыратуу).
Эгер кимдир бирөө сизге радикалдуу ислам жөнүндө айтып кайрылса, жолугушууга катышууну же салттуу эмес диндер жөнүндө журналдарды жана китептерди окууну сунуштаса, же сиз жакындап жаткан кылмыш же террордук акт тууралуу кабардар болсоңуз, бул тууралуу дароо Федералдык коопсуздук кызматына (ФКК) 8-800-224-22-22 федералдык телефону боюнча (Орусиянын аймагында чалуу акысыз) же ФККнын Оренбург облусу боюнча башкармалыгына кайрылууңуз керек.
Негизги байланыштар
Орусиянын Ички иштер министрлигинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгы:
Оренбург ш., Комсомольская көч., 49-үй
дүйшөмбү-жума 9:00 баштап 18:00 чейин, түшкү тыныгуу 13:00 баштап 14:00 чейин