Тез медициналык жардам алуу үчүн уюлдук телефонуңуздан 103 же 112 номерине чалыңыз.
Өмүргө жана ден соолукка коркунуч жаралган учурда, медициналык полисиңиз жана документтериңиз жок болсо да, АКЫСЫЗ медициналык жардам көрсөтүүгө милдеттүү!
Чет өлкөлүк жарандарда медициналык камсыздандыруу полиси болушу керек, антпесе сизге жазапул салынып, Орусиядан чыгарылышыңыз да мүмкүн!
• ММК (эмгек келишими боюнча иштегендер тарабынан акысыз берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу).
ЫМК
ЫМК полиси камсыздандыруу ишканаларынын кеңселеринде же «Орусия почтасы» бөлүмдөрүндө даярдалат жана төмөнкүлөргө укук берет:
• поликлиникада, ооруканада шашылыш жардам көрсөтүү;
• кечиктирилгис, тез медициналык жардам;
• ЫМКнын келишиминде каралган башка кызматтар.
ЫМК полисинин баасы анда жазылган медициналык кызматтарга жана жарактуу мөөнөткө жараша болот. Эң арзан ЫМК полиси, эреже катары, мамлекеттик поликлиникаларда жана ооруканаларда кечиктирилгис, тез медициналык жардам көрсөтүүгө кеткен чыгымдардын гана ордун толтура алат.
Полисти сатып алууда камсыздандыруу ишканасы сунуштаган кызматтардын тизмесин кылдат изилдеп чыгып, суроолоруңузду бериңиз – кандай кызматтарга ишене аласыз, аларды кайсы медициналык мекемелерден ала аласыз, кызматты канча жолу ала аласыз, көйгөйлөр пайда болгон учурда ишкана менен кантип байланышса болот ж.б. Мисалы, стоматологиялык жардам камсыздандыруу программасында көрсөтүлгөн болсо гана төлөнөт. Бул суроолор полисти сатып алууда дароо такталууга тийиш. Бул жардам алуу үчүн медициналык мекемеге кайрылганда түшүнбөстүктөрдөн качууга жардам берет.
Чет өлкөлүк жарандардын балдары үчүн ЫМК полиси, адатта, чоңдор үчүн медициналык камсыздандырууга караганда кымбатыраак турат. Айрыкча кымбат ЫМК полиси эмчектеги балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга берилет. ЫМК полиси бала мектепке кабыл алынганда да суралышы мүмкүн.
МААНИЛҮҮ! Балдарга тез арада медициналык жардам көрсөтүү кандай болгон күндө да бекер экенин эстен чыгарбоо керек!
Эгерде аял кош бойлуу жана төрөт учурунда пландуу медициналык жардам алгысы келсе, ал бул тууралуу ЫМК полисине кайрылганда айтышы керек, анткени атайын камсыздандыруу программасы талап кылынат.
ЫМК полисин даярдоо үчүн сизге төмөнкү документтер керектелет:
• паспорт жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;
• миграциялык карта жана анын көчүрмөсү;
• миграцияга каттоого туруу (каттоо) жөнүндө билдирме жана анын көчүрмөсү.
Эгерде ЫМК полисин иш берүүчүңүз аркылуу даярдасаңыз, анда ага кошумча уюмдун кол коюу укуктуу жетекчисинин ишеним каты керектелет.
ЫМК полиси, жумуш үчүн документтер сыяктуу эле, ал берилген аймактын аймагында гана жарактуу экенин унутпаңыз.
ММК
Төмөнкү учурларда ММК полисин даярдай аласыз:
• ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттин жараны болсоңуз (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан) жана эмгек келишими боюнча иштесеңиз.
• убактылуу баш калкалоочу жай менен камсыздоо тууралуу күбөлүк;
• качкын күбөлүгү.
ММК полисин даярдоо үчүн камсыздандыруу медициналык уюмун тандоо керек – муну турган жериндеги поликлиникада жасоого болот.
ММК полисин жасоо үчүн төмөнкү документтер керектелет:
• паспорт же өздүгүн тастыктаган башка документ;
• жеке өздүк эсептин камсыздандыруу номери;
• эмгек келишими;
• миграциялык карта;
• келүү жөнүндө кабарлоо бланкынын (каттоонун) ажыратылуучу бөлүгү же келүү ордун жана узактыгын көрсөтүү менен анын көчүрмөсү.
Орусияда иштеген ЕАЭБ жарандарына ММК полиси кагаз түрүндө берилет жана анын колдонуу мөөнөтү – календардык жылдын аягына чейин, бирок эмгек келишиминин мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө ээ.
ЕАЭБ жаранынын өздүк эмгек келишими жок үй-бүлө мүчөлөрү ММК полисин алууга укугу жок жана ЫМК полисин даярдоого тийиш.
Сизге ЫМК же ММК полисин берген камсыздандыруу ишканасынын телефон номерин жана атын сактап калууну унутпаңыз: эгерде полисиңизди жоготуп алсаңыз, камсыздандыруу ишканасына кайрылуу аркылуу аны калыбына келтире аласыз, же тез медициналык жардам керек болгон учурда анын берилгендиги тууралуу ырастай аласыз.
Камсыздандыруу полиси жоголгон учурда анын көчүрмөсүн жасоо пайдалуу.

Негизги байланыштар
Оренбург областынын саламаттык сактоо министрлиги: